"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчысынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жазык кодекстерине Президент үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында кол койгон.

Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актылар бир катар дал келбестиктер жана  Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен жана Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдары менен ички карама-каршылыктардан улам Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мыйзам чыгаруу органына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!