Ушу тапта курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруп, бейтапканага кайрылгандардын саны арбыды. Мунун себебин ак халатчандар күндүн сууганы, мезгилдик сасык тумоонун жана ар түрдүү вирустардын кесепетинен болуп жатканын белгилешет. Ага улай интернет желелеринде метапневмовирусу тууралуу ар түрдүү маалыматтар чыгып, бир катар жарандарды бушайманга салып тынчсыздандырууда. Бул багыттагы суроолорубузга Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык улуттук институтунун директору, медицина илимдеринин доктору Жаркынбек Касымбеков жооп берди.
— Жаркынбек Орозбекович, өлкө боюнча учурда эпидемиологиялык абал туруктуубу, вирустук инфекцияларга каршы аракеттер, дары-дармектер жетиштүүбү?
— Тынчсызданууга себеп жок, бардык медициналык мекемелер кадимки иш тартибинде иштеп жатат. Бирок, жарандар, өзгөчө жаш балдар арасында вирустук инфекциялардын белгилери менен бейтапканаларга кайрылгандар көбүрөөк. Расмий маалыматка таянсам, 2025-жылдын 1-аптасына (30.12.24-01.05.25) республикада КРВИ – 4245 учуру катталган. Анын ичинен 16 сасык тумоонун учуру катталган. Бул сандар өткөнкү жумага салыштырганда 1,9 эсеге төмөн болгон. Ага карабастан Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга күзөтчү көзөмөл жүргүзүү улантылууда. Өлкө боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусу боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жана баа берүү улантылууда жана көзөмөлгө алынууда. Эң негизгиси, жарандарда оорунун алгачкы белгилери байкалгандан тарта дарылануу менен катар бардык эржелерди сактоо зарыл. Ооруган адам жуктуруучу болуп эсептелет. Ооруп жаткан адам өзү менен бирге айланасындагы адамдарды вирустан сактоого аракет кылышы зарыл. Анткени, өзгөчө курч респиратордук инфекциялардын жугуу кооптуулугу жогору болуп эсептелет. Гигиеналык эрежелерди сактап, туура тамактанып, беткапты 3 саатка жеткирбей алмаштыруу эрежелери сакталса оору азаят. Денени чыйрак, сергек кармоо көндүмү көп оорулардын алдын алат. Өлкө боюнча дары-дармектер жетиштүү.
— Борбордогу Инфекциялык ооруканада кезек күтүү маселеси бар, бул жарандардын нааразычылыгын жаратып келет. Вирустук инфекциялар күчөп турган учурда кандайдыр бир иш аракеттер көрүлүп жатабы?
— Шаарыбыздагы жалгыз Инфекциялык ооруканада кезек күтүү маселесинин бир топ себептери бар. Чечүү аракеттери дайым көзөмөлдө. Ооруканада орундар тартыштыгы да орун алууда. Ага карабастан дарыгерлер тынымсыз иш алып барууда. Мындан тышкары Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борбору, 3-балдар ооруканасы кадимки иш тартибинде иштеп жатат. Бул ооруканаларга өзгөчө жаш балдар арасында ооругандар кайрылууда. Качан гана дене табы жогору көтөрүлүп, оор симптомдор пайда болгондо ата-эне ооруканага алып барат. Колдон келсе ата-энелер баланын абалынын өзгөргөнүн эртерээк баамдап, ага жардам көрсөтүүнү тездетиши зарыл.
— Коомчулукта метапневмовирусу ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Бул вирустан жарандар кантип сактанышы керек?
— Жарандар метапневмовирусу боюнча тынчсызданбай эле койсо болот. Бул вирус медицинада жаңы катталган вирустун түрү эмес. Тагыраагы, биринчи жолу 2001-жылы Нидерланд өлкөсүндө катталган. Биз тааныган, кадимки пневмо курч респиратордук вирустардын катарындагы чоң топко кирүүчү метапневмовирусу деп эсептелет. Кытайдын айрым маалымат каражаттары бул өлкөдө метапневмовирусу көп катталып жатканын жазууда. Бизде абал туруктуу. Адам иммунитетин күчтөсө гана вирустарга каршы тура алат. Метапневмовирустан жана башка вирустардан жашы 5 жашка чейинки жаш балдар, жашы 60тан өткөн жарандар өзгөчө сактанышы зарыл. Анткени ушул курактагы адамдарда вирустарды жуктуруу кооптуулугу көбүрөөк. Жөтөл этикетин сактоо, сергек жашоо образы, туура тамактануу эрежелери оорунун алдын алат. Бизде 2 адамдан метапневмовирусу катталганы кабарланды. Бирок бул вирус менен жыл сайын 10дон ашуун адам катталып келет. Жума сайын жалпы ооруган адамдардын анализдери, тагыраагы биоматериалдары тиешелүү адистер тарабынан текшерүүдөн өткөрүлөт. 2 бейтаптын азыркы абалы жакшы.
— Быйыл сасык тумоонун вакцинасын канча адам алды?
— 67,700дөн ашык адам сасык тумоонун вакцинасын алышкан. Адамдар менен тыгыз байланышта иш алып барган медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, тартип сакчыларына вакцина жасалат. Мындан тышкары каалоочулар да вакцина ала алышат.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы