Салык кызматкерлерине коррупциялык тобокелдиктер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 49

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн коррупциянын алдын алуу боюнча окутуу өткөрүлдү.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, иш-чара коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Акылбек Ахматовдун жетекчилиги алдында офлайн жана онлайн форматтарда уюштурулду.

Окутууда кызматкерлерге коррупциялык тобокелдиктер, кызматтык этика, мыйзам талаптары жана укук бузууларга түрткөн аракеттер тууралуу билдирүү тартиби түшүндүрүлдү.

Өзгөчө көңүл коррупциялык тобокелдиктер жогору болгон багыттарга бурулду. Алардын катарына салыктык текшерүүлөр, салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү, уруксат берүүчү документтерди берүү, мамлекеттик сатып алуулар, маалыматтык системалар менен иштөө жана кадр маселелери кирет.

Ошондой эле салыктык сырды сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана коррупцияга каршы чектөөлөрдү сактоо боюнча маалымат берилди. Текшерүү жана көзөмөл иштерин жүргүзгөн кызматкерлерге өз ишмердүүлүгүн баалоо үчүн атайын чек-лист тааныштырылды.

Мындан тышкары, кызматкерлерге мыйзамсыз аракеттерге түрткөн учурлар тууралуу билдирүү жана мындай маалыматтарды кароо тартиби түшүндүрүлдү.

Акылбек Ахматов мыйзамсыз аракеттер тууралуу өз убагында маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындай фактыларды билдирген кызматкерлерди коргоо үчүн белгиленген тартипте чаралар каралганын айтты.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X