Салык кызматы жасалма интеллектти киргизүүнү талкуулады

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 82

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов санариптик инфраструктураны иштеп чыгуучу Sign компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда салыктык башкарууну санариптештирүү жана салык системасына жасалма интеллект технологияларын киргизүү маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле жасалма интеллектти Салык кызматынын аналитикалык системаларына интеграциялоо, санариптик инфраструктураны модернизациялоо жана заманбап чечимдерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Мындан тышкары, ата мекендик IT адистердин потенциалын жогорулатуу, жасалма интеллект жана санариптик технологиялар боюнча практикалык окутууларды уюштуруу маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантып, салыктык башкарууну санариптик трансформациялоо боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экенин билдиришти.

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 82
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X