Салык кызматында коррупцияга каршы чаралар күчөтүлөт

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92

Мамлекеттик салык кызматында коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу жана коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Жыйын МСК төрагасынын орун басары Нурлан Мамановдун жетекчилиги алдында, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Акылбек Ахматовдун катышуусунда уюштурулду.

Кеңешмеде Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо иштеринин жыйынтыгы каралды. Анын негизинде коррупция жаралышы мүмкүн болгон жагдайлардын тизмеси бекитилип, тиешелүү буйрук Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилгени белгиленди.

Ошондой эле аныкталган тобокелдиктерди жоюу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү милдети коюлду. Бул багытта МСКнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине коррупцияга өбөлгө түзгөн факторлорду жоюу боюнча конкреттүү чараларды сунуштоо тапшырылды.Возможно, это изображение текст

Мындан тышкары, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коомдо коррупцияга карата чыдамсыз мамилени бекемдөө маселелери талкууланды.

Жыйында салыктык башкарууну санариптештирүү коррупциянын алдын алуунун маанилүү куралы экени белгиленди. Акылбек Ахматов электрондук кызматтарды кеңейтүү, отчеттуулукту жана салыктарды төлөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүү салык төлөөчүлөрдүн кызматкерлер менен түз байланыштарын азайтып, жол-жоболордун ачыктыгын камсыз кыларын айтты.

МСК коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, салыктык жол-жоболорду өркүндөтүү жана салык төлөөчүлөр үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча иштерди улантарын билдирди.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X