Салык төлөөчүлөр онлайн кызматтарды активдүү пайдаланууда

18-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57

2025-жылы 1,52 миллион салык төлөөчү “Салык төлөөчүнүн кабинети” сервисине кошулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл ичинде онлайн сервисти пайдалануучулардын саны 180 миңден ашык колдонуучуга көбөйгөн. Ошондой эле salyk.kg мобилдик тиркемесин 77,6 миң адам пайдаланып жатат.

Быйыл “Салык төлөөчүнүн кабинетинде” 15 жаңы онлайн-сервис ишке киргизилип, отчёт тапшыруу, маалымкат алуу, салыктарды эсептөө жана төлөө процесстери толугу менен автоматташтырылды. Жеке ишкерлерди жана жарандарды онлайн каттоо, кайра каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Салык кызматы санариптештирүү салык төлөөчүлөргө убакытты үнөмдөп, кызматтарды жеңил жана ыкчам алууга шарт түзгөнүн белгиледи.

18-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X