22-майда саат Бишкектин “Арча-Бешик” конушундагы «Газпром-Балдарга» спорт-эс алуу комплексинде Азия чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык турниринин ачылышы болот. Чемпионат 22-23-майда 2003-2005, 2006-2008-жылы туулган жигиттер арасында өтөт. Мелдештер Кыргыз Республикасында самбонун массалык өнүгүүсүн жайылтуу, спорттун чеберчилигин жогорулатуу, КМШ республикаларынын спорт командалары менен достук мамилелерди түзүү максатында өткөрүлөт. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Самбо федерациясы жана «Бекболот Рахатбековдун » спорттук клубу менен биргеликте уюштурууда. Жеңүүчүлөр кубок, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.