Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды атып кетишти

14-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 63

Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жаран октон жаракат алды.

Россиялык маалымат булактардын билдирүүсүнө ылайык, кечээ, 13-февралда Кыргызстандын жараны полицияга кайрылып, Торжковская көчөсүндөгү №3 дарегиндеги үйдүн жанында атышуу орун алганын айткан. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери  жарадар адамды табышкан. Жаракат алган жаранга издөөдө жүргөн адам тарабынан травматикалык тапанчадан ок атылганы маалым болгон.

КР жараны башынын жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

 

14-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X