Сасык тумоо боюнча ыкчам штаб жыйын өткөрдү

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 110

2026-жылдын 19-ноябрында Саламаттык сактоо министрлигинде курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жана сасык тумоонун жайылышына байланыштуу ыкчам штабдын жыйыны өттү.

Жыйын министрдин орун басарлары Нурбек Букуев менен Гүлбара Ишенапысованын төрагалыгы алдында өтүп, ага баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын, саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү катышты.

Отурумда республикадагы эпидемиологиялык кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын санынын өзгөрүшү, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана оорулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар каралды.Возможно, это изображение текст

Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын 2026–2027-жылдардагы эпидемиялык сезонго даярдыгы талкууланды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X