"Эркин-Тоо"

Саякбаев Бактыгул дайынсыз болууда

Ыссык-Ата райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан, 1972-жылы туулган Саякбаев Бактыгул Аскерович изделет. Ал үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: бою165-170 см, чачы кара, көзү күрөң. Дене түзүлүшү орто. Далысында 5 см болгон тырык бар.

Кийген кийими: ак-кара сызыктуу футболка, көк түстөгү спорттук шым, бутунда көк түстөгү сланцы.

Саякбаев Бактыгул Аскеровичти көргөн, же ал тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөндөгү телефондорго кайрылууну өтүнөбүз: 0(312) 61-69-07, 0(708) 10-21-10

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!