"Эркин-Тоо"

«Саякбай жана Битлз» тасмасынын ийгилиги

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Тынай Ибрагимовдун «Саякбай жана Битлз» тасмасы Лондондогу кинофестивалда «Мыкты даректүү тасма» деген номинация менен жеңүүчү болду.

Ушул күндөрү, 19-майдан 25-майга чейин Лондондо Евразия кинофестивалы менен Ромфорд кинофестивалын бириктирген масштабдуу төртүнчү иш-чара өтүп, фестиваль евразиялык кинематографияны англис тилдүү чөйрөдө өнүктүрүүгө арналган. Кинофестивалдагы тасмалардын арасында Кыргызстандан төмөнкү чыгармалар тартууланган; Тынай Ибрагимовдун «Саякбай жана Битлз» деген даректүү тасмасы, режиссёр Виктория Архангельскаянын «Жаңыртуу» деген даректүү тасмасы, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин бүтүрүүчүсү Жанайым Ашимованын дебюттук кыска метраждуу «Кадамдар» деген тасмасы. Жыйынтыгында «Саякбай жана Битлз» аттуу кыргыз тасмасы «Мыкты даректүү тасма» болсо, «Көрүүчүлөрдүн тандоо сыйлыгы» номинациясын Виктория Архангельскаянын «Жаңыртуу» деген тасмасы алган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!