«Сейтек» балдарынын атынан Баткен балдарына жардам

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдан жабыркаган балдар үчүн, Бишкектеги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун эмгек жамааты, борбордо билим алган балдар жана ата-энелер комитети менен биргеликте гуманитардык жардам чогултушту. Борбордун директорунун орун басары Ира Балтабаеванын айтымында, балдар үчүн дары-дармектер, азык-түлүк, кийим-кече топтолгон. Мындан тышкары, борбордун мугалимдери өздөрүнүн бир күндүк айлык акыларын Баткен элине жардам катары чегеришкен.

«1999-жылы Баткенде орун алган коогалаңда да аталган борбордун мугалимдери ата-энелер менен бирге гуманитардык жардам жөнөтүп, балдардын чыгармачылык топтору чек ара постторуна барып концерттик программаларды тартуулаганбыз. Бул жолу да колубуздан келишинче жардам берип, ушундай кыйын абалда Баткенде жабыркагандарга колдоо көрсөтүүнү максат кылдык. Эң негизгиси өлкөбүздө тынчтык болуп, балдарыбыз ыйлабасын»,- дейт Ира Балтабаева.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X