“Сейтек” борборуна жаңы үн жана жарык берүү жабдуулары сатылып алынат
Япония Элчилигинин колдоосу менен “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна жалпы суммасы 66 миң 577 долларлык үн жана жарык берүү жабдуулары сатылып алынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Көп жылдан бери «Сейтек» борбору, Япония Элчилигинин “Үн жана жарык берүү системаларын жакшыртуу долбоору” боюнча “Маданият жаатындагы чакан масштабдуу гранттык жардам” гранттык программасына катышып келген.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-мартта аталган гранттык программанын алкагында “Сейтек” борборунун үн жана жарык берүү системаларын жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык келишимге кол коюлду.
Иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова жана башкалар катышышты.
“Сейтек” борборунун концерттик залы үчүн үн жана жарык берүү жабдуулары сатылып алынып, орнотулса маданий, окуу , мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын сапатын арттырууга өбөлгө түзөт.