Сербиядагы дүйнө чемпионатында 2 кыргыз спортчусу байгеге ээ болушту

17-октябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61

UWW (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты Кыргызстандык спортчу Жылдызбек Абылбеков Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткандыгын маалымдады. Ошондой эле кыргызстандык спортчу Константин Ли (100 кг, Grappling Gi) коло медаль тагынды.

Абылбеков 58 кг салмак ченинде (Grappling Gi) финалда казакстандык Алихан Алшынбайга жеңилип, экинчи орунга ээ болду.

17-октябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X