Шаарыбыз гүлгө оронду

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жашылдандыруучулары Чолпон-Ата көчөсүнүн боюндагы көк майсанды кооздошту. Эми борбор калаанын тургундарын жана конокторун гүлдөрдөн жасалган «Бишкек 2021» жана «Кыргызстан 30 жыл» жазуулары кубантат. Идеяны ишке ашыруу үчүн 75 830 гүл отургузулду, анын 70 320- колеус, 5 510ну кызыл сальвия. Гүлдөрдү отургузуу жана жазууларды кооздоо үчүн күнөскананын 12 кызматкери тартылган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X