Шайлоо участкалары тестирлөөдөн өтүүдө

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97

Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргызстандын бардык аймактарында президенттик шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо инфраструктурасын жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлүүдө.

Тестирлөө өлкө боюнча 2 492 шайлоо участогун, ошондой эле Бишкек шаарындагы «Дордой Плаза» соода борборунда жайгашкан аралыктан добуш берүү участогун камтыйт.Возможно, это изображение текст

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров аталган участкага барып, аралыктан добуш берүү тартибин көрсөттү. Ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, тестирлөөнүн негизги максаты — шайлоо инфраструктурасынын жана техникалык жабдуулардын 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого даярдыгын текшерүү.Возможно, это изображение текст

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X