Шайлоо участкалары жарыксыз жана интернетсиз 3 саатка чейин иштей алат
Электр жарыгы өчүп, интернет үзгүлтүккө учурап же генератор иштебей калган учурда да шайлоо участкаларында добуш берүү токтобойт. Участкалар автономдуу режимде 2–3 саатка чейин иштөөгө жөндөмдүү.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү ар бир шайлоо участогу атайын смарт-батареялар менен камсыздалган. Электр энергиясы өчкөн учурда шайлоо жабдуулары батареяларга туташтырылып, добуш берүү процесси үзгүлтүксүз улантылат.
Бул убакыт аралыгында электр энергиясын калыбына келтирүү же резервдик генераторду жеткирүү иштери жүргүзүлөт.