Шакиранын күйөрмандары Бишкекке агылды: Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарга кайрылды

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 131

Колумбиялык ырчы Шакиранын 18-октябрда Бишкек Аренада өтө турган концертине байланыштуу чет өлкөлүк күйөрмандар Кыргызстанга келе баштады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, чет элдик коноктор өлкөнүн кооз жерлерине, анын ичинде Ала-Арча жаратылыш паркына барууга жана улуттук тамактарды татып көрүүгө кызыгып жатышат.

Орунбеков Бишкектеги мейманканаларда бош орундар дээрлик калбаганын белгилеп, жакынкы күндөрү туристтердин саны дагы көбөйөрүн айтты.

Ал кыргызстандыктарды чет өлкөлүк коноктор жардам же кеңеш сурап кайрылса, меймандостук көрсөтүп, колдоо көрсөтүүгө чакырды.

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 131
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X