Шашылыш билдирүү: Бишкек менен Чүйдү коюу туман каптайт
Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө туман түшөт, — деп билдирет Кыргызгидромет борбору.
Маалыматка ылайык, көрүү аралыгы 500-200 метрге чейин төмөндөшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу шаардыктарды жана айдоочуларды этият болууга чакырууда.