Швейцария Таласка беш техника берди

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 43

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстандын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Максат Байджигитов Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Мессерлини кабыл алды.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын, анын ичинде Талас облусунда сугат суу, таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо багытындагы долбоорлорду талкуулашты. Швейцария тарап бул тармактардагы демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.Возможно, это изображение текст

Ошондой эле Талас шаары менен Талас, Бакай-Ата жана Айтматов райондорун камтыган ирригациялык долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуудан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына беш даана атайын техника тапшырылды. Алар Бакай-Ата районундагы алты айыл аймагынын, Талас районундагы Кең-Кол айыл аймагынын жана Талас шаарынын муктаждыктарына багытталган.

Техникалар коммуналдык жана чарбалык иштерди жакшыртууга, жергиликтүү кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X