Си Цзиньпин менен Дональд Трамп Пекин шаарында жолугушуу өткөрүштү. Бул АКШ президентинин акыркы тогуз жыл ичиндеги Кытайга жасаган алгачкы мамлекеттик сапары.
Жолугушууда Си Цзиньпин Кытай менен АКШ атаандаш эмес, өнөктөш болушу керектигин белгилеп, быйылкы жыл эки өлкөнүн мамилеси үчүн бурулуш учур болушу зарыл экенин айтты.
Өз кезегинде Дональд Трамп жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапарын чоң сыймык катары бааларын белгиледи.
«Биз жаралган тоскоолдуктарды ийгиликтүү чечип келдик. Бизди алдыда чоң келечек күтүп турат. Азыр АКШ менен Кытайдын мамилеси мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде», — деди АКШ президенти.
Мындан тышкары, Трамп Вашингтон Пекин менен тең ата негизде бизнес жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Дональд Трамптын Кытайга мамлекеттик сапары 15-майга чейин уланат.