“Смотрящийге” баңгизат алып бараткан жаран кармалды
3-мартта, Бишкек-Ош авто жолунун “Сосновка” постунда саат 20:15 чамасында “Притон” рейдинин жүрүшүндө бир жаран баңгизат менен кармалган. Ал баңгизатты өзү жасагандыгын жана буга чейин ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан кармалган инисине Бишкек шаарынын Тергөө абагында коргоп, тийишпөө үчүн “Смотрящийге” алып бара жаткандыгын айткан. Бул тууралуу ИИМ кызматы билдирди.
Тактап айтканда, “Притон” рейдинин алкагында Бишкек-Ош авто жолунун “Сосновка” постунда саат 20:15 чамасында “Киа-Рио” үлгүсүндөгү автоунаасын Н.А. аттуу жарандын башкаруусунда токтотулган. Аны менен чогуу авто унаанын ичинде 1986-жылы туулган Жалал-Абад облусунда тургуну О.Т. аттуу жаран болгон.
Кароонун жүрүшүндө О.Тнын сырткы кийиминин сол колтуктун астында желим целлофанга оролгон кап табылган, анын ичинде кара куурайдын өзгөчө жыты бар 21 таңгак кочкул жашыл түстөгү заттар алынган, андан тышкары О.Т. курткасынын сол каптал чөнтөгүнөн ошондой эле окшош белгилери менен 1 таңгак табылган.
Ал эми Н.А. аттуу айдоочусун жана анын авто унаасын тинтүү учурунда эч
нерсе табылган эмес.
Кармалган О.Т. аттуу жаран Бишкек ШИИББнин Убактылуу кармоо жайына
киргизилди.