“Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” баштапкы төлөмсүз берилет

12-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 288

Мамлекеттик ипотекалык компания “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча турак үйлөр баштапкы төлөмсүз берилерин маалымдады. Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, аталган программалар боюнча кезеги келген жарандар мурдагыдай эле 25 жылга чейин 4% жана 8% үстөк пайыз менен ипотекалык турак жай ала алышат.

Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу берилген ипотекалык кредиттерге байланыштуу айрым талаптар кайра каралганын билдирди.
Маалыматка караганда, мурда колдонулуп келген турак жай аянтына болгон чектөөлөр өзгөртүлүп, эми ипотека алган жарандар турак жай аянтын өз каражатынын эсебинен кеңейтүүгө жана күрөө предметин алмаштырууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул учурда МИК тарабынан кошумча каржылоо каралбайт.

Компания белгилегендей, баштапкы төлөм боюнча талаптар өнөктөш банктар аркылуу берилүүчү ипотекалык каржылоого гана тиешелүү бойдон калат. Ал эми МИК тарабынан каржыланган “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттарында турак жайлар баштапкы төлөмсүз берилет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X