Сомдун курсун туруктуу кармоо үчүн аракет көрүлүүдө
Улуттук банк кыргыз сомунун курсун туруктуу кармоо үчүн 10-мартта валюта базарына дагы 59,30 миллион доллар чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Анын 39,85 миллиону накталай сатылган.
Буга чейин Улуттук банк 4-мартта каржы базарына 55,35 миллион доллар чыгарып, анын 26,80 миллионун накталай сатышкан.
“Улуттук банк жыл башынан бери ушуну менен беш жолу интервенция жасап, 284,30 миллион долларды каржы базарына чыгарды», — делет маалыматта.