Соода борборлорунда балдар аянтчалары ачылды

3-июнь, 2021-ж. / Редакция / Коом 32

Бишкек шаарынын мэриясы «Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу чаралары жөнүндө» токтомго соода жана көңүл ачуу борборлорундагы балдар аянтчаларынын иштешине байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, 1-июндан баштап соода жана көңүл ачуу борборлорунда балдар аянтчалары кайрадан иштей баштады. Бирок, аянтчалардын ээлери социалдык аралыкты жана оюн аянтчаларынын иштөө эрежелерин сактоо менен объект толтуруу ченемдерин 50% га гана кылышы абзел дешет адистер.

3-июнь, 2021-ж. / Редакция / Коом 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X