Спорт мекемелерине 21 жаңы автоунаа тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке жана ага караштуу спорттук уюмдарга 21 кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, кызматтык автоунаалар ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында «Тулпар Моторс» компаниясынан сатылып алынган.

Улан Маматканов жаңы автоунаалар Агенттиктин жана караштуу мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, аймактардагы спорттук мекемелердин ишин уюштуруунун ыкчамдыгын жогорулатууга, жер-жерлерде спорттук мекемелердин ишинин координациясын жакшыртууга, аймактар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X