Спорт тармагын 1-июнга чейин каржылоо кыскартылды

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 34

Кыргызстанда 1-июнга чейин ири спорттук иш-чаралар пландалгандыктан өлкө ичинде майдараак турнирлерди өткөрүү жана атлеттерди чет мамлекетке машыгууга жиберүү кыскартылууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Атап айтканда, календарлык планга Монголиядагы Азия чемпионаты, Ысык-Көл марафону, Бразилиядагы Сурдолимпиада оюндары, Бишкекте өтө турчу U17 жана U23 Азия оюндары, Кытайдагы Азия жана Пара Азия оюндары, Түркиядагы Көчмөндөр оюндары киргизилген.

Бул мелдештерге даярдык көрүүгө мамлекеттик бюджеттен болжолу менен 200 миллион сом талап кылынат. Буга байланыштуу департамент бардык эле иш-чараны каржылай албай тургандыгы белгилүү болду.

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X