Өлкөбүздүн спорт тармагында акыркы жылдары кандай өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр болгондугун билүү үчүн бул жаатта көп жылдык тажрыйбасы бар адистерди кепке тарттык.
Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Нурмира Абдыбекова:
— Спорт тармагында акыркы 4 жылда көп өзгөрүүлөр болду жана мен эмгектенген спорт академиясында жарым кылымдан кийинки жаңылануу болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 4-майында академиябызга пландан тышкары күтүүсүз келип, футбол жана жеңил атлетика манежин көрүп, толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылчылыгы боюнча тапшырма берген. Ал эми 2024-жылдын 25-январында оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан. Манежде жылуулук, вентиляция (абанын кирип-чыгуусун көзөмөлдөө), эшик-терезелерди алмаштыруу, жарык берүү, дубалдарды жылуулоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Андан сырткары эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча машыгуу залында спорттук маттар алмаштырылып, жуунуучу, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр толугу менен жасалып, стол тенниси боюнча өзүнчө зал бөлүнүп, Италиянын “Мондо” фирмасынын Европалык стандарттарга жооп берген резиналык килемчеси төшөлдү. Борбордук стадион жаңыланып, оңдоп-түзөтүүдөн өттү. Аны менен бирге футбол федерациясында, Лермонтов көчөсүндө жайгашкан спорттук интернатта оңдоп-түзөтүү иштери жүрүп, жакшы шарттар түзүлдү.
Илимий-методикалык адабияттарды, китеп, окуу куралдарын чыгаруу боюнча бир топ иштер аткарылды. Дене тарбия, спорттун педагогикасы деп аталган окуу куралыбызды чыгарып, Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен жогорку окуу жайларга сунуштап, китептин бет ачарын жасадык. Ошондой эле Президентибиздин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Дене тарбиясын өнүктүрүү жана жаштарды адеп-ахлакка тарбиялоо эл аралык форумун жана эл аралык илимий-практикалык 2 конференция уюштурдук.
Биздин спортчулар жайкы, кышкы олимпиадаларга активдүү катышып келет. Быйыл Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен бирге эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. 2026-жылы Кыргызстанда өткөрүү пландалууда.
Франциянын борбору Париж шаарында өткөн 33-жайкы олимпиадалык оюндарга 206 мамлекеттен 10 500 спортчу катышкан. Өлкөбүздүн атынан 16 спортчу катышып, 6 медаль (2 күмүш, 4 коло медаль) жеңишти. Биздин академиянын сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынса, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков коло медалга ээ болушту. Алар академиянын магистратурасын ийгиликтүү аякташкан. Учурда Айпери Медет кызы магистратурада билим алып жаткан чагы.
“Көчмөн элдердин улуттук оюндары” деп аталган окуу куралыбызды иштеп чыктык. Бирок азырынча финансылык көйгөйдөн улам 1 гана экземпляры бар, басмадан чыга элек. Китепте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кирген спорттун 38 түрүнүн эрежелери кыргыз, орус жана англис тилдеринде кеңири берилген.”
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Анаркан Касмалиева:
— Мен кырк жылдан бери бул тармакта эмгектенип келе жатам. Акыркы төрт жыл ичинде спорттук объектилер курулуп, бир канчасынын жаңылангандыгы бизди абдан кубандырат. Жаңы ачылган спорттук секциялар жалпы эле кыргыз калкынын ден соолугуна абдан чоң таасирин тийгизет деген ойдомун. Балдардын спортко катышуусу, мектептеги дене тарбия сабактары, кошумча спорттук клуб жана уюмдардын ачылышы, жанданышы элдин ден соолуктун баалуулугун түшүнүүсүнө, сергек жашоо негиздерин калк арасында өспүрүм кезинен кеңири жайылтууга туура багыт болууда. Айрыкча аймактарда спорттук стадиондордун оңдолушу, реконструкциялоо иштери жакшы жүрүүдө. Борбор калаабызда 2 чоң стадион курулду. Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионубуз толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ал эми учурда Советтер Союзунан бери иштеп келе жаткан “Эмгек резерви” стадиону реконструкциядан өтүп жатат. Канчалык материалдык-техникалык база күчтүү болсо, ошончолук жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүлүп, жемиштүү жыйынтыктарга жете алабыз. Мамлекетибиздеги үзүрлүү иштердин аркасында дүйнөлүк жана эл аралык деңгээлдеги ийгиликтердин жаралышына өз көзүбүз менен күбө болуп келе жатабыз.
КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, ШахБокс боюнча дүйнө чемпиону Акназар Кенжебаев:
— Акыркы жылдарда спорттун өнүгүшү чындап эле таң калтырууда. Президент Садыр Нургожоевичтин жетекчилиги астында спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, спортчуларды колдоого жана сергек жашоо образын жайылтууга чоң көңүл бурулуп келет.
Биздин олимпиадачылардын ийгиликтерин көрүү өзгөчө жагымдуу: 16 катышуучудан алтоо медалга ээ болушту. Бул өлкө үчүн чоң прогресс жана сыймык. Мындай деңгээлдеги баалоо, анын ичинде Президент менен жолугушуу спортчуларды жаңы ийгиликтерге шыктандырып, жаштарга спорт – ден соолук гана эмес, ийгиликке жана атак-даңкка алып баруучу жол экенин анык көрсөтөт.
Бул жыйынтыктар Кыргызстандын желегин эл аралык аренада бийик желбиретип жаткан мамлекеттин, машыктыруучулардын жана спортчулардын өздөрүнүн биргелешкен эмгегинин жемиши.
Албетте, мушкер Сейитбек уулу Мунарбектин жетишкендиги Кыргызстан үчүн тарыхый окуя болуп калды. Ата мекендик бокстун тарыхында биринчи жолу биздин спортчу Парижде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болду. Бул ийгилик Мунарбектин жеке жеңиши гана эмес, өлкөдөгү бокстун өнүгүшүнө да маанилүү кадам болуп саналат.
Дүйнөлүк деңгээлдеги кросс боюнча чемпионаттын, Азия чемпиондугунун жана Ислам тилектештик оюндарынын катышуучусу, Алматыда өткөн Qosanov Memorial Continental Tour эл аралык турниринин коло медалынын ээси, Бишкек шаарынын спартакиадасынын жеңүүчүсү Самат Казакбаев:
— Жеңил атлетика тармагында көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Спорттун бул түрүндө жаштарыбыз жаңы бийиктиктерди багындырууда. Алсак, жеңил атлет, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу, Азиянын 2 жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков акыркы жылдарда Кыргызстандын рекорддорун жаңылады.
2024-жылы Тегеран шаарында өткөн Азия биримдигинде 1500 жана 3000 метр аралыктарда чуркоо боюнча 1-орунду алды.
Сардана Трофимова 2023-жылы Дубайда өткөн Азия биринчилигинде орто аралыкка чуркоо боюнча 2-орунду ээледи. Жеке жана топтук орто аралыкка чуркоого катышып, топтук марафондо Мария Коробицкая, Гүлшаной Сатарова, Айнуска Калил кызы 1-орунду жеңип алышты. 2024-жылы Париж Олимпиадасында 14-болуп чуркап келди. Бул чоң жетишкендик.
Айнуска Калил кызы 2023-жылы 3000 метр аралыктан Кыргызстандын рекордун жаңырткан. 2024-жылы Тегеран шаарында өткөн Азия биримдигинен 1500 метрден 2-орунга, ал эми 3000 метрден 3-орунга ээ болду. Жогорудагыдай эле жетишкендиктерге ээ болгондордун арасында Гүлшаной Сатарова менен Илья Тяпкин дагы бар.
Түзүлүп жаткан шарттар жана мүмкүнчүлүктөрдүн аркасында дагы көптөгөн жаштар бийиктиктерди багындырып, өлкөбүздүн атын дүйнө жүзүнө жар салат деген ишеничтемин.
Алтынай Нурдинова