Султан Раев: Көчмөндөр адамзатты табият менен гармонияда жашоого үйрөткөн

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 140
Көчмөн философиясы азыркы дүйнөнүн глобалдык чакырыктарына альтернатива боло алат. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык илимий конференциясында билдирди.Анын айтымында, бүгүн адамзат үч чоң коркунучка  ядролук согушка, экологиялык катастрофага жана адамдын ыймандык деградациясына туш болууда. Раевдин пикиринде, бул чакырыктарга каршы көчмөн философиясынын негизги формуласы — «акыл-эс жана ыйман».
«Азыркы дүйнөлөшүүнүн агымына каршы көчмөн философиясын альтернатива катары коёбуз», — деди ал.ТҮРКСОЙ башкы катчысы көчмөн цивилизациясын тарыхый-маданий көрүнүш катары гана кароого болбой турганын белгиледи. Анын айтымында, көчмөндөрдүн дүйнө таанымы адам менен жаратылыштын гармониясына, ички рухтун тазалыгына жана адамдык баалуулуктарга негизделген.
«Жаратылыш — адам, адам — жаратылыш. Бул гармония көчмөн дүйнө таанымынын өзөктүк символу болгон», — деди Раев.Ал көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы катары аттын колго үйрөтүлүшүн, аскердик тактиканы, металлды курал катары колдонууну жана алгачкы империялар менен каганаттардын түзүлүшүн атады.Раев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жөн гана спорттук мелдеш катары кабыл албоо керектигин айтты.
Анын пикиринде, оюндардын артында көчмөндөрдүн терең философиясы жатат.«Көчмөн оюндарында акыл, акылга таянган рух, рухка таянган дух гана жеңе алат», — деди ал.Султан Раев көчмөн адебинин башкы максаты адамды адам бойдон сактап калуу экенин белгиледи.
«Көчмөн адебинин башкы кодекси — пендени кишиге, кишини адамга, адамды инсанга айландыруу», — деди ТҮРКСОЙ башкы катчысы.Ал көчмөн философиясынын бүгүнкү маанисин адамзатка руханий багыт көрсөтүү менен байланыштырды.
«Көчүү — бир жерден экинчи жерге көчүү эмес. Ал эң ириде адамды адам бойдон сактап калуу аркылуу адамзатты дүйнөлүк апааттан сактап калуу», — деп жыйынтыктады Раев.Белгилей кетсек, конференция Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүдө.
3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 140
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X