Суранбү АЛМОЛДОЕВА: “Эл агартуунун отличнигине дарттын азабынан жетпей калдым”
Тизе бүгүп таазим кылам сага, мугалим!
Бишкектеги №10 орто мектептин мугалими, биринчи топтогу майып Суранбү АЛМОЛДОЕВА эжеке менен маек:
Жаны кейип, дарттын азабын тартса да окуучуларына, мектепке жетүүнү көздөгөн Суранбү Алмолдоева көпчүлүккө үлгү. Ал ден соолугунан аксап турса да өжөрлөнүп иштеп, үлгүлүү окуучуларды тарбиялап, жашоону сүйүп жашап келет. Мындай инсандар жүздүн бири. Болбосо алты саны аман туруп коомго эмес, өзүнө жакшылык кылбагандар жок эмес. 25-майда Суранбү эжени издеп, жогоруда аталган мектепке барып, көзгө жаш алган да, кубанган да жагдайларга туш болдук. 11-классты аяктап жаткан жана 4-классты бүткөн окуучуларынын “Суранбү эже, оорубаңыз, көп жашаңыз, сиз биздин сыймыгыбызсыз” деген сөздөрү, эжесин кучактап ыйлаган балдардын тилеги бизди да жашытты.
“Эрке кыз болсом да мектепти, институтту жакшы аяктагам”
— Мен 1963-жылы Талас районундагы Манас айылында туулгам. Бир эжем, бир иним бар. Улуу эжемден кийин ата-энем 14 жыл баладан көзү катып жүрүп мени көргөндүктөн, атымды “Суранбү” деп коюшкан экен. Андыктан, абдан эрке чоңойдум. Анткен менен мектепти да, кийин институтту да ийгиликтүү аяктадым. Үй шыпырып жатсам дагы колумдан китеп түшчү эмес. Ал үчүн апам далай китептеримди отко жакты. Жантөшовдун «Каныбек» романын үч күндө окуп бүтүргөм. Жогорку окуу жайды 1984-жылы аяктап, Таластын Талды-Булак айылына мугалим болуп барып, ал жерде иштеп жүргөнүмдө турмушка чыктым. Бирок, тагдыр экен. Үч уулдуу болгондо жолдошум менен ажыраштык. 1990-жылы Бишкекке көчүп келип, №10 орто мектепте мугалим болуп иштей баштадым. Уулдарым кичине болгондуктан, бир топ азапты жалгыз эне катары абдан тарттым. Эми кыйынчылыктын баары артта калды.
“Уулдарым кыз жок экенин билгизбей, өздөрү жуунтушчу”
-Учурда уулдарым бойго жетип көңүлүм ток. Улуусу 34кө, кийинкиси 32ге чыкты. Кенже уулум КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктады. Учурда өз кесиптери менен мамлекеттик кызматтарда иштешет. Үчөө тең көзүмө карап турушат. Ушуга чейин балдарым кызым жок экенин билгизишпеди. Бир убакта таптакыр кыймылга келбей калгам. Ошондо өздөрү кийинтип-чечинтип, жуунтушчу. Азыр Кудайга шүгүр, келиндерим бар. Эки уулум үйлөнүп, небере жыттап бакытка балкып турам. Уулдарым келиндеримди өзүмө окшоштуруп тандашканбы дейм, жапакеч келиндерим бар. Экөө тең уулдарымдын уучун узартып, уул-кыздарды төрөп беришти. Беш неберелүү болдум. Кудайга тобо кылам, уулдарым зээндүү, арак ичпейт, тамеки тартышпайт. Жаш болушса да тырбалаңдап иштеп, тапкан акчаларын толук мага арнап, дарылатып келишет. Атасы уулдарына кээде келип жолугуп турат. Жолуккан менен жардамы жок.
«Баспай калганда ооруканага түштүм»
— 1999-жылы ангина болуп оорудум. Кийин эле ар кайсы жерим томуктай болуп шишип баштады. Анда жалгыз бой жаным жанталашып иштеп уулдарыма, окуучуларыма алаксып жүрө берип, таптакыр баспай калганда гана ооруканага түштүм. Ошол 22 жылдан бери азаптуу илдет менен күрөшүп келем. 2010-жылы 11 жыл мурун сокур ичеги менен жоон ичегим айрылып операция болгом. Андан соң жакшы баспай калдым. Диагнозум 4-баскычтагы муундардын сезгенүү оорусу («Ревматоидный артрит») 1-топтогу майыпмын. Бир күндө бир кочуш менен 3 маал дары ичем. Бир айда ичкен дарыларыма 6000-7000 сомдун тегерегинде акча кетет. Ушундай жашоо менен алышып 20 жылдан бери үй алуу үчүн кезекте турам. Илгери эле 52-кезекте болчумун, жылып олтуруп 2-кезекке келдиң дешкен. Бирок, үйгө жеткен жокмун. Ипотекага үй алып алсак десек уулдарым бюджеттик мекемелерде иштешкендиктен, айлыктары ага жетпейт. Андыктан, учурда инимдин салып берген жер үйүндө жашап жатабыз. Жер үйдүн ажаатканасына баруу мен үчүн абдан оор. Бирок, айла жок… Буга чейин коляскада отурчумун. Ал коляска да жыртылып жарабай калды. Ошондон бери басайын деп аракет кылып таякка үйрөнүп алдым. Бирок, катуу ооруганда таякка да илинбей калам.
«Кыйналып турсам да жумуштан калбайм»
— Уулдарым «апа жаныңды аячы, иштебей эле койчу» дешет. Бирок, окуучулардын дептерин текшергенден, балдардын ызы-чуусунан ырахаттангандыктан Кудай мени бул бактымдан ажыратпаса деп тилейм. Мурда эки сменде эртеден кечке эки класска сабак берчүмүн. Кыйналып турсам да эч убакта жумуштан, сабагымдан калбайм. Бир убакта таптакыр кыймылга келбей калганымда уулдарым кезектешип мектепке такси менен алып келип, көтөрүп классыма жеткирип отургучка отургузуп, кайра сабактан соң көтөрүп алып кетишчү. Азыр болсо уулдарымды ишинен алаксытпайм. Неберелерим чоңоюп калгандыктан, алар сумкамды көтөрүп, таягымды кармап, таксиге түшүүгө жардамдашышат. Балдактын күчү менен акырын басып, классыма жетип алам. Келиндерим да боорукер. “Апа, чачыңыз өсүптүр, кырктыралы, агарыптыр, боётолу”, — деп турушат.
«Дартымдын дабаасы-окуучуларым»
— Алгачкы бүтүрүүчүлөрүм 1975-жылы туулган улан-кыздар. Алар ватсап группа түзүп коюшкан, учурда байланышып турабыз. Андан бери бир топ классты чыгардым. Кудайга шүгүр, коомго терс таасирин тийгизген окуучум болгон жок. Эмгегин элге арнаган мыкты окуучуларым менен сыймыктанам. Учурдагы окуучуларым да тың, тартиптүү жана зээндүү. Сезим, Надима, Бектур, Аэлина аттуу жакшы окуган окуучуларым айткандарымды доскага жазып жардамдашышат. Быйыл 4-класс болушту. Бойлору кичинекейинде отургучка чыгып алып жазышчу. Кээде баракка жазып алып түшүндүрөм. Башка мугалимдер окуучуларын тамактанууга өздөрү алып барат. Ал эми мен балдарымды класстан тизип “тизилип барып, тизилип келгиле” десем, зыңкыйып тизилип барып келишет. Мени аяп турушат. Мен дагы башка мугалим шок балдарымды урушуп коебу, жакшы окуган кызымды “ударник” кылып салабы деп алар үчүн өтө тынчсызданам. Ата-энелер “оорулуу мугалим окутуп ушундай болду” дешпесин деп, болгон аракетимди жасайм. Ишенчти актоо үчүн ак эткенден так этип, кээде балдарды алып калып окутам. Урушуп коем, бирок, эч убакта чаппайм. Ак көңүл боорукермин. Урушуп коюп кабактары бүркөлүп калса, боорум ооруп сабактан кийин сылап-сыйпап, кемчилигин түшүндүрөм. Окуучуларым-дартымдын дабаасы.
“Каникулда, эс алуу күндөрү кадимкидей ооруйм”
-Жаным кейип ооруп турса да класска киргенде балдардын кыял-жоруктарын көрүп, эс алам. Каникулда же эс алуу күндөрү кадимкидей ооруп, чачым таралбай калат. Мектепке келбеген күнү алсырап, өзүмдү таштап жиберем. Бирок,”дабаасы жок дарт болбойт” демекчи, мен айыгам, ушул дартты жеңем деп чыйралып жакшылыктан үмүттөнөм. 1995-жылы “Мыкты мугалим -95» сынагына катышып, I категорияга, 1996-жылы жогорку категорияга ээ болгом. Ал эми Эл агартуунун отличниги наамына дарттын азабынан жетпей калдым. Өзүм ооруп жүрүп, бул наамды алам деп догурунгандан уялдым. Директор Гүлжан Үмөталиева жардамын аябайт. Эмгек жамааттын ынтымактуулугу чоң ролду ойнойт экен. Операция болгонумда кесиптештерим 40 миң сом жардам беришти. Эмгек акым 18 000 сом, кармалып олтуруп колума 14 000 сом тиет. Балдарым, “апамдын айлыгы таксиден артпайт” деп тамашалашат. Чынында айлыгымдын аз, көптүгүнө деле карабайм. Мен үчүн айлык анчейин маанилүү эмес. Сүйгөн кесибим менен ырахаттанып иштөө бактысына ээ болгонума Кудайыма ыраазымын.
PS: Урматтуу окурман, Суранбү Алмолдоеванын бул маегин толугу менен “Эркин-Тоо” гезитинин ютуб каналынан да көрсөңүздөр болот. Бул мугалим эже туурасында интернетке материал жарыяланган соң, “үйлүү болуусуна жана Эл агартуунун отличниги наамына жетүүсүнө салымын кошобуз” деген жакшы инсандардын редакциябызга кайрылып жатканы кубандырат. Адамга — адам тирек. “Жакшы тилек –жарым ырыс” демекчи, Суранбү эженин мындан аркы жашоосунда жакшы тилек-ниеттер орундалышына тилектешпиз.
Жазгүл КАРБОСОВА