26 майда Бишкек -Ош жолунда жол кырсыгы катталып анда каза болгондордун жанында чон суммадагы акча болгон, бирок акча каражатынын жалпы суммасы азырынча белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу Ички Иштер Министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип билдирди.
«Мен каза болгондордун жакындары менен сүйлөштүм. Маркумдардын жанында чон суммадагы акча болгон. Алар Бишкекке товар алуу үчүн келе жатышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чеийин иштин бети ачыла элек», — деди депутат Бурул Аманова.
«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Биз алардын жанында канча акча болгонун териштирип жатабыз. Жакында бул тууралуу толугураак маалымат беребиз», — деп жооп берди министрдин орун басары.