"Эркин-Тоо"

Сузакта аткезчилик жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды

19-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан Сузак районунун аймагында кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү жана адамдарды мыйзамсыз ташуу үчүн колдонулган тоннель табылды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган тоннель Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына жакын жерден табылган.

Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасына чейинки узундугу 50 метрди, ал эми бийиктиги 1,7 метрди түзөт.

Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн 1986-жылы туулган үйдүн ээси Э.А. кармалды. Учурда УКМК кызматкерлери тарабынан тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар башка жарандарды, КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!