Сузакта сайга цемент төккөндөргө айып пул салынды

29-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 249

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгы Сузак районундагы сайга цемент аралашмасын төккөн «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан» темир жолун куруп жаткан компаниянын өкүлдөрүнө 56 миң сом айып пул салынганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин облустук башкармалыгынын башчысы Дурусбек Залимбеков маалымдады.

Анын айтымында, окуя 27-май күнү Сузак районундагы Үрүмбаш токой чарбасында катталган. Социалдык тармактарга тараган видеодо бетон аралаштыруучу оор техника сайга цемент аралашмасын төгүп жатканы көрсөтүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бул факты «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан» темир жол долбоорунун 3-бюросуна тиешелүү экени аныкталган. Облустук инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 236-беренесинин негизинде эки протокол түзүлүп, жалпы 56 миң сом айып пул салынган.

Буга чейин интернет колдонуучулары аталган видео боюнча нааразычылыгын билдирип, экологияга келтирилген зыян боюнча чара көрүүнү талап кылышкан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X