Светлана (Асланайым) Аширова циркинин директорлугуна кайрадан дайындалдыбы?

29-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

Светлана (Асланайым) Аширова Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директорлугуна кайрадан дайындалгандыгы маалым болду. Бул тууралуу ММКларга  Аширова өзү билдирген. Буга чейин мамлекеттик цирктин бир катар артисттери жана кызматкерлери Светлана Ашированын мекеменин директору болуп иштегенине нааразы болуп, арызданышкан. Андан кийин Аширова  кызматтык келишими аяктагандыгына байланыштуу кызматтан алынган. Кечээ, Ашированын кайрадан директор болуп дайындалгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

29-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X