Сыймык Жапыкеевди колдогон 31 140 кол тамга анык деп табылды

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 118

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сыймык Жапыкеевди колдоо максатында чогултулган 31 140 кол тамга анык деп таанылды.Возможно, это изображение текст

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, кол тамгалардын аныктыгын текшерүү талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайкүл Айдаралиеванын катышуусунда жүргүзүлдү.

Кол топтоо «Кол чогултуу» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу ишке ашырылган. Текшерүүдө тутумдагы маалыматтар салыштырылып, жыйынтыгында 31 140 кол тамга анык деп табылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерге кол коюу барактарын текшерүү тууралуу тиешелүү маалымкат берилди.

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 118
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X