2020-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон кезектеги шайлоо өкүмзордук менен өткөнү мурунку бийликтин Олимптен кулашына алып келди. Ошондогу так талаш оюну саясий талаада саясий топтордун ортосунда катуу тирешти жаратканы менен акыркы чекитти эл койду. Кыргыз эли өзүнүн келечегин азыркы Президент Садыр Жапаровдун колуна тапшырып берди. Садыр Жапаров өлкөнүн жоопкерчилигин өз мойнуна алып, президенттик шайлоодон утуп чыгып, расмий ишке киришкенине бүгүн 4 жыл толуп олтурат. Президенттик 4 жыл кандай өткөнүн талдап жазуу чындыгында оор. Жазганда да ага гезит бети чак келеби? Президенттин ар бир чечими өзүнчө роман го. Ошентсе да Садыр Жапаровдун саясий жүрүшүнө, анын эрктүүлүгүнө токтолуп, саясий бейнесин жазса ашыкча болбостур. Президенттикке аттанган шайлоодо эмне убадалар айтылды эле? Алардын кайсынысы аткарылды? Так цифралар, так фактылар, келтирилген салыштыруулар жазылып да, видео аркылуу берилип да жатпайбы.
Жапаровдун 4 жылдык башкаруусун анализ кылуудан мурун, анын кыргыз саясатындагы басып өткөн жолун сөз кылуу туура болсо керек. Садыр Жапаровдун саясатка таштаган алгачкы кадамынан баштап Президенттик тактыга чейинки жолу жалаң күрөш менен коштолду. Сынбаган эрк, жолунан кайра тартпаган тайманбастыгы аны ийгиликке жеткизди.
… “2005-жыл. Февраль айы. Кыштын кыраан чилдеси. Балким, эсиңиздедир, ошол жылы кыш жалпы эле Кыргызстан боюнча демейдегиден суук, каардуу болгон… Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз талапкерлигимди койгон №71 Түп шайлоо округунан 12 талапкер чыкты… 19-февраль күнү Акаевдик бийлик менин талапкерлигимди шайлоо жарышынан алып салды… 10 миңге жакын тарапташтарым нааразы болушуп, эл көчөгө чыгып, Түп – Кеген жолун жаап салышты. Мен муну чынында күткөн эмесмин 10 миңдей адамды көрүп, өз тагдырыма, эл тагдырына жүрөк чымырап кетти. Элдин жаалы катуу экен, Түп – Кеген жолу чычкан өткүс болуп жабылды…
…Машинадан түшүп, кардын үстүндө чапанын бекем кымтып, бүрүшүп уктап жаткан апаны көрүп, тык токтой калдым. Көз алдыма апам келе түштү. Түз эле жанына басып бардым. Жаш курагы 60тан ашып калгандай көрүндү. Жаткан жериндеги кар эрип, кара жер көрүнөйүн деп калган экен. Дароо ойготтум. – Апа, туруңуз, суук тийип калат. Үшүп калыпсыз. Сизди кантип ушул муздак жерге жаткызам?- деп бат-бат сүйлөп жибердим. Апа башын көтөрүп, “- Аа, Садыр сен белең. Бир аздан кийин таң атат, ага чейин чыдайм балам. Сендей азаматтарды коргоп алабыз”,- деп кайра кардан жасап алган “жаздыгына” башын коюп жатып алды… (“Саясаттагы 10 жыл” китеби 15-17-беттер).
Макаланы бекеринен Садыр Жапаровдун өзүнүн “Саясаттагы 10 жыл” деген китеби менен баштаганым жок. Саясатка аралашкан оор жана түйшүктүү жол ушундай башталган. Бул башы гана. Садыр Жапаровду алдыда мындан да каары катуу ашуулар, соккусу катуу саясий оюндар күтүп турган.
Депутаттык жүк… Эл таламын талашуу… Чындыкты издөө… Саясий оюндар… Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы… Кумтөр чыры… Өз позициясын бербей күрөшкө чыгуу… Кумтөр боюнча оюңдан кайт деп 100 миллиондогон долларларды сунуштоолор… Тирештер… Эл аралык деңгээлдеги уюшкан кылмышкерлердин тобуна жеңилүү. Куугунтук… Темир торго түшүү… Абактагы анын саясий көз карашын сындыруу аракеттери… Өлүм менен өмүрдүн күрөшү… Тагдырдын оор сыноолору… Атага топурак сала албай калган арман… Баладан айрылуу… Кайрадан элдик толкундоолор… Кайрадан саясаттын башына эл көтөрүп келип койгон жагдай… Кайрадан шайлоо… Сөзүн угууга, өзүн көрүүгө агылган эл… Үмүттүү көздөр… Не деген окуялар. Бул бүгүнкү Президенттин саясий күрөштөгү башынан өткөргөн окуялары. Өлкөнүн тагдыры да дал ушундай…
Рим жазуучусу Плинийдин “Эл башкара турган адам эл ичинен тандалат, эл алдында сындалат” деп таамай аныктама бергени бар. Садыр Жапаров дагы оор кырдаалда эл ичинде жүрүп, сыноолордон өтүп, Президент болуп эл башкарып жатат. Бүгүн кооз сөздү айтып койсо унчукпай ишенип калчу момун эл жок. “Коркокту сабай берсең баатырга айланат” дегендей, кыргыз элин мурунку бийликтегилер адилетсиз бийлик жүргүзүп, өздөрү баатырга айландырып таштаган. Азыр эл бийлик “кылт” этсе “тарс” этип жарылат.
Садыр Жапаров саясатка элдин колдоосунда катуу кармаштар менен аралашса, Президенттикке да Жараткан Садыр Жапаровду канча бир сыноолордон өткөзүп, беттегенинен кайтпаган өжөрлүгүн көрүп, Кыргызстанды чөгүп бараткан саздан сууруп чыгат деп ишенип, эл башына алып келгендей. Дүйнөнү каптаган пандемия оорусунан улам чыккан дүйнөлүк экономикалык кризис ансыз да араң жан Кыргызстандын экономикасын таптакыр очорултуп койгон. 30 жыл тамырлашып, мамлекеттик бийликтин бардык бутактарын жыландай ороп алган коррупцияны жоготуу мүмкүн эместей кырдаал түзүлгөн. Буга чейинки эки жолку болгон элдик төңкөрүштөгү элдин талабынын аткарылбай, бийликке келгендер мурунку эле эски жолго түшүшүнүн себеби да так ушул коррупцияны жеңе алышпаганынан болгон. К.Бакиев да, А.Атамбаев да, С.Жээнбеков да иш баштаарда “Коррупция менен аёосуз күрөшөбүз” дешкен. Бирок ишке келгенде жандарынын тынчына карашып, “Мен сага тийбейм. Сен мага тийбеге” өтүшкөн. Анткени, коррупция менен күрөшүү Кыргызстанда мүмкүн эместей, кыргыз улутунун улуттук мүнөзүнө туура эмес келчүдөй туюлчу. Баарыбыз кыйкырабыз, “Коррупцияны жоготкула. Мамлекеттин, элдин байлыгын талап-тоногонду аябай камагыла”- деп. Иш жүзүнө келгенде эле кайра “Менин тууганымды, жердешимди эмнеге камайсың? Тийбе. Коррупция менен күрөшсөң башкадан башта. Меникине тийбе”- деп чыкмай адатыбыз бар. Элдин канын соруп байыган ичкич-жегич чыныгы коррупционер экенин билсек да “Камаба… Бошот” деп митингге чыгып, сотторго чууруп барабыз. Мындай кыргыз мүнөзүбүз менен биз улуттун да, мамлекеттин да түбүнө жетип, жок кылаарыбыз айдан ачык экенине көзүбүз жетип турса да ушинтебиз. Мындай акмакчылык бизде гана бар болсо керек. “Бийликтегилер адилеттүү болгула. Калыс болгула. Чындыктан тайбагыла”- деген талап коёбуз да, өзүбүз ар бирибиз Жараткан Кудай астында мен да адилеттүү болоюн, чындыктан тайбайын, жатындаш бир тууганым болсо да коррупционер болсо “Сенин коррупционер экениң чын. Эми жазаңды тарт”- деп ачыгын айтайын дей албайбыз. Элибиздин мына ушундай мүнөзүн жакшы билип турса да Садыр Жапаров коррупция менен аёосуз күрөш баштады. Мамлекеттин, элдин ырыскысын митедей соруп чардагандар, алардын жакын туугандары жыргал жашоолорунан айрылышууда.
Садыр Жапаров элге кайрылып, “Жаңы Кыргызстанды курабыз. Бардык тармактар боюнча реформаларды жүргүзөбүз. Коррупцияны түп тамырынан бери кыркып жок кылабыз. Криминал деген түшүнүк болбойт”- дегенде көптөр жомок дешкен. Анткени, Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү бул жети баштуу ажыдаар менен күрөшкөнгө тете. Биздикиндей бардык тармагы кыйраган мамлекетте реформа жасайм дегендин өзү тирүүлөй тозок отун кечүүгө барабар. Реформанын жүрүшү ушундай болот, этиңди тилип туз сепкендей ачуу жагдайлар түзүлөт.
Президент беттегенин бербей бардык тармактар боюнча реформаны баштоодо. Анын “дөңгөлөгү” улам айланган сайын “чыңыргандар” чыгууда. Биз кеп кылган Сингапур, Түштүк Корея, Япония бүгүнкү жыргал турмушка, гүлдөгөн мамлекет курууга оңой эле жетишип калышыптырбы? Камоолор, ал түгүл коррупционерлерди суроо-сопкуту жок атуулар, кыңк эткендин тумшугун талкалоолор менен жетишкен. Аталган өлкөлөрдө да реформанын жүрүшүндө жаңылуулар, туура эмес кадамдар жасалып, кайра оңдоолор болгон. Башкысы, түпкү максат – мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, коррупцияны жоготуу, мыйзамды сыйлаган, туу туткан, кыйшаюусуз сактаган укуктук мамлекет куруу болгондуктан акыры ошого жетишишкен.
Бүгүнкү Президент Садыр Жапаров баштаган жаңы Кыргызстанды куруу жолу оор жол. Бирок “Оор экен”- деп артка чегинбей, аягына чыгаруучу жалгыз туура жол. Оңой жыргал жашоого жетишүү жомокто гана болот. Астыда али багынбаган бийик ашуулар, тирештер, кармаштар турат… Тайсалдаса баары заматта күлгө айланат. Андыктан, саясий күрөш менен бышып жетилген Садыр Жапаровдо артка кайтканга жол жок. Кайта да албайт. Анткени, анын жүрөгүнө басылган мөөр бар. Ал жогорудагы карда уктаган апасы. Темир тор артындагы өлүм менен өмүрдүн ортосундагы күрөш. Өтө жакындарынан айрылып жүрөк сыздаганы. Шайлоо учурундагы жолугушууларга жүзүн көрүп, сөзүн уксак деп миңдеп агылып келишкен шайлоочулардын ишеним артып жанган көздөрү. Элдин эбегейсиз ишеними. Ишеними жана да ишеними.
Темирлан Токтоболотов