Сырдарыя бассейнинде суу ресурстарын туруктуу башкаруу долбоору башталды

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150
Бишкекте Сырдарыя дарыясынын бассейнинде суу ресурстарын интеграцияланган башкарууга багытталган долбоордун установкалык жолугушуусу өттү.

25-сентябрда өткөн иш-чара Глобалдык экологиялык фонддун каржылоосу жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун техникалык колдоосу менен уюштурулду.

Долбоордун алкагында агро-жайыттык жана токой экосистемаларын калыбына келтирүү, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жана суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу маселелери каралат.

Жолугушууда долбоордун иш планы, күтүлүүчү натыйжалары жана ишке ашыруу механизмдери талкууланды. Ошондой эле токойлорду мониторингдөө жана картографиялоо, ченемдик-укуктук база, гендердик маселелер жана даттанууларды кароо механизми боюнча маалыматтар берилди.

Долбоордун алкагында Кызыл-Үңкүр, Тоскоол-Ата жана Арстанбап-Ата токой чарбаларынын учурдагы абалы жана артыкчылыктуу багыттары да талкууланды.

Иш-чаранын соңунда долбоордун Башкаруу комитетинин биринчи отуруму өтүп, анын иш планы жана бюджети каралды.

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X