Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган илимий форум болуп өттү — ФОТО

Бүгүн, 13-майда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде  Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракесине арналган “Түгөлбай Сыдыкбеков: Кыргыз дүйнөсү жана доор чакырыктары” аттуу илимий форум болуп  өттү.

Форумдун алкагында, аталган университетте 25-апрелден тарта “Түгөлбай Сыдыкбековдун дүйнөсүн тааныйбыз” аттуу экспозиция-көргөзмө да болуп өткөн.

Анда жазуучунун чыгармалары, басып өткөн жолу, гезиттерге жазылган макалалары коюлуп, студенттер өздөрүнө көп маалымат ала алышкан.

Бүгүнкү өткөн форумда да  илимий докладдар окулуп, Сыдыкбековдун чыгармалары кеңири талдоого алынды.

Форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Катчысы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, Түгөлбай Сыдыкбековдун кыргыз адабиятындагы ролу, анын чыгармалары тууралуу кеңири сөз кылды.

Белгилей кетсек, Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында Ысык-Көлдүн Түп районунда туулган. Анын эң алгачкы «Күрөш» аттуу жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору.

Ал «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошкон. Ошондой эле, орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон.

 

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!