«Түндүк электр» атайын мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Тиркеме кандай кызматтарды аткарат?
«Түндүк электр» ААКы карызы бар абоненттер үчүн атайын мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиркеме аркылуу колдонуучуга электр энергиясына болгон карызы жөнүндө маалымат берилип, акчасын өз убагында төкпөгөн абонентке күн сайын эскертүү келип турат.
Тиркемени Play Market жана AppStore интернет дүкөнүнөн көчүрүп алса болот.
Андан тышкары тиркемеде ар кандай кырдаалда свети өчүрүлө турган аймактардын тизмеси айтылып, акы төлөнүүчү кызматтар үчүн калькулятор, жаңылыктар жана башкалар киргизилет.