Түптүк окуучу кыз күрөш боюнча эркек балдар арасында байгелүү орунду ээледи
Түптө Балбай баатыр атындагы спорт ордосунда мектеп окуучуларынын арасында грек-рим күрөшү боюнча акимдин кубогу уюштурулуп, күрөшкө 200гө жакын жаш балбандар катышкан. Маалым болгондой, биринчи жана экинчи орунду ээлеген балбандар облустук мелдешке катышууга жолдомо алышты.
Түп районунун Байзак айылынын А.Муканов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Албина Муратова, 51 кг салмак арасында эркек балдар менен күрөшүп, үчүнчү орунду ээлеген.
Балбан кыз Албина Муратованы машыктырган Талант Бекбоевдин айтымында, Албинанын машыгуусуна былтыр ата-энеси каршылык көрсөткөнүнө карабастан, быйыл ал бир ай бою машыгып ийгиликти жарата алган. «Мындай ийгиликке жетерин биз күткөн эмеспиз»,- дейт машыктыруучусу.
«Албина матага чыккан улам кийинки балбанды жеңип отуруп, үчүнчү орунду ээледи. Ал турнирге катышкандардын бардыгын таң калтырды. Себеби, бир ай ичинде машыгып, мындай ийгиликти жаратуу мүмкүн эмес», -дейт Бекбоев.