Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

9-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн, 9-декабрь саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары менен Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

«Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүүдө. Алдыңкы сааттарда буга чейин киргизилген оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынат», – деп жазылат маалыматта.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырды.

9-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X