Төрөбай Зулпукаровдун диплому жасалма экени аныкталды

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктаганы жөнүндө диплому жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин УКМКга берген жообунда айтылат.

Маалым болгондой, депутат Төрөбай Зулпукаров аталган окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүндө 1995-1998-жылдары окуп, бирок 1998-жылы акча төлөбөгөнү үчүн окуудан чыгарылган.

«Окуудан чыгарылганына байланыштуу ага тарых факультетин аяктагандыгы тууралуу диплом берилген эмес», — деп билдирет министрлик.

2000-жылы Төрөбай Зулпукаровго берилди делген №748 каттоо номериндеги диплом Чолпон Усубалиева аттуу бүтүрүүчүгө таандык болуп чыккан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X