Түркия 2021-жылдын жайкы сезонуна даяр
Түркия жогорку коопсуздук стандарттары түзүү менен 2021-жылдын жайкы сезонуна даяр. Дүйнөдө алгачкылардан болуп “Коопсуз туризмди сертификаттоо программасын” баштаган Түркия, күчөтүлгөн алдын алуу чаралары менен 2021-жылынын жайкы сезонуна кызуу даярдык менен кирди. 2020-жылдын июнь айында Түркия тарабынан демилгеленип, аэропорттордон тартып транспорттук каражаттарга чейин, конок жайларынан тамактануу жайларына чейинки коноктор бара турган бардык жерлерди саламаттык сактоо жагынан шайкештигин документтештирген Коопсуз Туризм Сертификатын күчүнө киргизип, аталган сертификатты бул жылы да 9800дөн ашуун объектилер жана автоунаалар алды. Мунун менен катар Түркияда 2021-жылдан тартып бул сертификатты 30 же андан ашык орундуу бардык мейманканалар алууга милдеттүү экендиги тиешелүү бардык мекемелерге билдирилип, талап кылынды. Ошондой эле улуттук эмдөө программасында туризм кызматкерлерине артыкчылык берип, жогорку коопсуздук стандарттары менен 2021-жылдын жай мезгили үчүн мыкты даярданды.
Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министри Мехмет Нури Эрсой, 21-23-май күндөрү Түркиядагы чет өлкөлүк миссиянын элчилерин Анталия шаарында коноктоду. Аталган иш-чарада 2021-жылдын жайкы сезонго даярдыктары жөнүндө маалымат берген Министр Эрсой “Түркия дүйнөдө биринчилерден болуп 2020-жылдын июнь айында Коопсуз туризм сертификатын берди. 2020-жылы биз өлкөбүздө 16 миллион конокту кабыл алдык. Өткөн жылы биз үчүн конокторубуздун саламаттыгы жана коопсуздугу биринчи кезектеги милдетибиз болду. Коопсуз, натыйжалуу жана ирээттүү практикага жана алдын алуу чараларына өзгөчө басым жасаган сертификаттоо программасы, дүйнөлүк аренада өз тармагындагы эң ийгиликтүү иштерден бири деп эсептелди жана анын натыйжасында сезонду ийгиликтүү өткөрдүк. Биринчиден, 30 жана андан көп орундуу жайгаштыруучу жайларына сертификаттоо программасынан өтүүнү милдеттүү кылып, сертификат алгандан кийинки иштерин да программанын алкагында көзөмөлдү күчөттүк. Ал эми улуттук эмдөө программабыздан ушул күнгө чейин 27 миллиондон ашык жараныбызга эмдөө кылынды. Туризм тармагынын кызматкерлерине артыкчылык берген эмдөө программасы болсо июнь айында да тездик менен улантыла бермекчи”, — деди.
Мехмет Нури Эрсой өткөн жылы Түркия коопсуз туризм жаатында алдыңкылардан болгонун, 2021-жылы болсо, эмдөө программасы ишке ашып жаткандыктан, дагы да коопсуз бир жыл боло тургандыгын баса белгиледи. “Туризм тармагынын эмдөөдөн өткөн кызматкерлери менен катар, өлкөбүздүн булуң-бурчунан эл аралык коопсуздук сертификатын алган 10000 ден ашуун туристтик жайларыбыз менен туризм сезонуна даярбыз”, — деди министр жыйында.
Түркия жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн https://www.goturkiye.com/ дарегине кириңиз.