Ушул жылдын 29-сентябрынан 2-октябрга чейин Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Бул тууралуу Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухарем Касапоглу «Твиттер» баракчасына жазды.
Иш-чарага жүздөн ашуун өлкөдөн үч миңдей спортчу катышары айтылды.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы эстафетаны Түркия алган.