"Эркин-Тоо"

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алды

Анкарада Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн экономикалык, саясий жана маданий кызматташуунун мындан аркы жолдорун талкуулашып, 2021-жылы Бишкекте өткөн Түркия-Кыргызстан бирдиктүү экономикалык комиссиясынын 10-отурумунун жыйынтыгы боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле ушул жылы эки өлкөнүн президенттеринин төрагалыгы алдында өтө турган Түркия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин отурумуна даярдануунун жүрүшүнө дагы токтолушту.

Жолугушуу учурунда Түркияда террористтик уюм катары таанылган ФЕТОнун тарапташтарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алууга байланышкан маселелер, эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгесин мындан ары дагы ишке ашыруу талкууга алынды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!