Түштүк Африка: Сел мектеп автобусун агызып кетти

12-июнь, 2025-ж. / Редакция / Дүйнө 40

Түштүк Африканын Чыгыш Кейп провинциясында нөшөрлөгөн жамгыр жана кардын кесепетинен башталган селден улам 49 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып Рейтерс агенттиги кабарлады.

Провинциянын премьер-министри Оскар Мабуяне сел мектеп автобусун агызып кеткенин айтып, алты окуучу каза болуп, дагы бир канча жарандын дайыны чыкпай жаткандыгын билдирди. Ал эми 500дөй киши убактылуу жашоочу жайларга жеткирилди.

12-июнь, 2025-ж. / Редакция / Дүйнө 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X