Табылды Муратбеков КМШ Жаштар ассамблеясынын жыйынына катышты

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 155

2026-жылдын 26–27-ноябрында Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында КМШ мамлекеттеринин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын 27-жыйыны өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Табылды Муратбеков катышты.

Жыйындын ачылышында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин Башкы катчысы – Катчылыктын жетекчиси Дмитрий Кобицкий куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Иш-чаранын алкагында КМШдагы Ден соолукту коргоо жылына арналган биргелешкен отурум өтүп, анда жаштардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо маселелери талкууланды. Отурумда депутат Табылды Муратбеков жаштардын ден соолугун коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары боюнча баяндама жасап, бул багытта мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.

Ошондой эле эл өкүлү Ассамблеянын 2026-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетун сунуштады. Анда жаштар саясаты, парламенттер аралык кызматташтык, жасалма интеллект, эл аралык тажрыйба алмашуу жана стажировкаларды уюштуруу багыттарында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.Возможно, это изображение текст

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары жаштар арасында парламенттик шахмат турнирлерин үзгүлтүксүз өткөрүү демилгесин колдошту. Алгачкы эл аралык турнирди 2027-жылы Бишкек шаарында, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын 35 жылдыгынын алкагында өткөрүү сунушталды. Ошондой эле жаштар саясаты жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү жана Ассамблеянын алдыдагы иш планы каралды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ассамблеяга төрагалыгы аяктап, координаторлук ыйгарым укуктар Россия Федерациясына өткөрүлдү. Жыйынтыгында сенатор Екатерина Грибкова Ассамблеянын жаңы координатору болуп шайланды.

Белгилей кетсек, депутат Табылды Муратбеков 2026-жылдын 21-майында Ассамблеянын 26-жыйынында координатор болуп шайланып, Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында уюмдун ишмердүүлүгүн координациялап келген. Ал жаңы координатор Екатерина Грибкованы шайланышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы жаш парламентарийлердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө активдүү катышарын белгиледи.Возможно, это изображение текст

Эске салсак, Жаштар парламенттер аралык ассамблеясы КМШ мамлекеттеринин жаш парламентарийлеринин ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаштар саясаты жаатындагы биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө багытталган.

 

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 155
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X