"Эркин-Тоо"

Таксисттер лицензия алууга милдеттүү болот

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 21-январда таксисттерди лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоорун талкуусуз үчүнчү окууда жактырды. Азыр алар ыктыярдуу патент менен иштеп жатышат.

Эске сала кетсек, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, айдоочулар күбөлүк алуу үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:

  • өздүгүн тастыктоочу документ;
  • транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү же ишеним кат;
  • транспорт каражаты техникалык кароодон өткөндүгүн тастыктаган документ;
  • ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси;
  • 086/у справка, анда наркологдун жана психиатрдын текшерүүсүнөн өткөндүгү тууралуу маалымат камтылган;
  • соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.

Кошумчалай кетсек, күбөлүк алган адамдын үч жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы болушу керек жана ал жумушка чыгуунун алдында медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!