Талант Аманов: “Түндүк” бюрократияны жоюу үчүн түзүлгөн”

26-май, 2026-ж. / Редакция / Маек 234

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык органдардын маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана техникалык жактан тейлөө үчүн «Түндүк» мекемеси түзүлгөн. Ага ар кайсы министрликтерге таандык болгон бир катар мекемелер өткөрүлүп берилген. Азыркы тапта бул мекеме мамлекеттик кызматтарды колдонууда  жарандарга электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө. Бул багытта «Түндүк» Ачык акционердик коомунун жетекчиси Талант Аманов менен маектештик.

– Талант мырза, “Түндүк” ишке киргенден бери  жарандардын мамлекеттик кызматтарды колдонуулары  канчалык жеңилдеди?

– “Түндүк” — бул Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды онлайн режиминде, үйдөн чыкпай алууга мүмкүндүк берген бирдиктүү электрондук мамлекеттик портал жана мобилдик тиркеме. Бул система бардык мамлекеттик органдардын базасын бир жерге бириктирип, бюрократияны жоюу үчүн түзүлгөн.  Бул долбоор Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси, колдоосу менен  ишке ашкан.  Президенттин фондунан ири каражат бөлүнүп, заманбап эл аралык стандарттагы техникалык жабдуулар жаңыртылды. Баарыбыз билгендей, бул тиркеме ишке киргенден бери, жарандар ар түрдүү мамлекеттик кызмат, керектүү маалымкаттарды электрондук түрдө колдоно башташты. Ал узун кезекти жоюп, иш кагаздарын тездетүүнү шарттайт.

– Учурда тиркемени колдонгон жарандардын саны канча болду?

– “Түндүк”  2017-жылы расмий түрдө ачылган. 2018-жылы алгачкы техникалык системалык тутумдары ишке кире баштаган. Азыркы иштеп жаткан “Түндүк” уюлдук тиркемеси 2023-жылдан баштап өз  ишин баштаган. Ушу тапта  тиркемени колдонгондордун саны 3 миллиондон ашты.

Ал эми тиркемеде канча мамлекеттик кызматтар жайгашкан?

– Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында 195 кызмат жайгашкан.  Бул портал «Түндүк» санариптик  системасынын алкагында ишке ашырылып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түйүнү катары кызмат кылат.  “Түндүктүн”  өзүндө 90дон ашуун кызмат бар. Маселен,  бир эле  мекеменин бир нече кызматтары камтылган. Аны менен катар айрым мамлекеттик кызматтар жарым-жартылай электрондоштурулган. Биз аларды ыкчам, дыкат  100% санарипке өтүүлөрүн белгилеп жатабыз.

– “Түндүк” тиркемеси аркылуу жарандар кайсы кызматтарды эң көп пайдаланышат?

– Негизинен паспорттун, айдоочулук күбөлүктүн, транспорт каражатынын техникалык паспортунун электрондук көчүрмөлөрү, маалым каттар алынат. Тиркеме аркылуу насыя алууга онлайн бөгөт коюу же чектөө киргизүү, айып пулдарды текшерүү жана аларды төлөө, бала бакчага же мамлекеттик турак жайга болгон электрондук кезекти көзөмөлдөөнү колдонушат.  Ал эми жарандар тарабынан эң көп колдонулган бул  үй-бүлөлүк  маалым каттар, соттолбогондугу тууралуу маалымат жана  ден соолукка байланыштуу документтер көп колдонулат. Ошондой эле, мамлекеттик ипотекага каттоого туруу  да тиркеме аркылуу ишке аша баштады. Бул бөлүм жарандарга түшүнүктүү жана жеткиликтүү.  Мамлекет тараптан жарандарга жана ишкерлерге мамлекеттик органдардын кызматтарын үйдөн чыкпай, онлайн режимде алууга шартты түзүү башкы максатыбыз болуп эсептелет.

Аймактарда тагыраагы интернет жеткиликтүү болбогон жерлерде “Түндүктүн” иштөөсү кандай жолго коюлган? Аны менен катар жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугу кандай корголгон?

– Кыргызстан 90- 95% интернет менен камсыздалган. Биздин тиркеме бардык жерде жеткиликтүү. Телефонуңузда интернет бар болуп, бирок интернет иштебей калса деле тиркеменин санарип документ бөлүмү ачыла берет. Тагыраагы, өздүгүңүздү тактаган бети ачылат.  Бирок маалым кат, документтерди чыгара албайсыз. Ага интернет керек болот. Жеке маалыматтардын коопсуздугу болсо эл аралык стандарттарга шайкеш корголгон. Эч кандай кооптонууга негиз жок. Бирок, жарандардын маалыматы биздин серверде сакталбайт. Ар бир кызматты ар бир  мамлекеттик орган өздөрүндө сактайт.

Жакында “Түндүк” ишканасы Санарип министрлигинен Президенттин иш башкармалыгына өттү. Эми алдыда жаңы кандай долбоорлорду ишке ашырганы турасыздар?

– Ооба, биз  аткара турган иштер, жаңы долбоорлорубуз даяр. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Тургунбекович  биздин иштин кеңейишине, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, элге жеткиликтүү болушуна кызыкдар. Ал эми жаңы кызматтарыбыз тууралуу айтсам, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Улуттук Ишенимдүү үчүнчү тараптын  иши электрондоштурулганы турат. Улуттук ишенимдүү үчүнчү тарап бул — санариптик кол тамгалардын жана электрондук документтердин аныктыгын, ошондой эле алардын юридикалык күчүн тастыктоочу атайын мамлекеттик система же кызмат. Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) сыяктуу интеграциялык бирикмелерде чек ара аралык электрондук документ жүгүртүүнү (мисалы, e-CMR коштомо кагаздарын) ишке ашырууда колдонулат. Бул система төмөнкү негизги функцияларды кол тамганы текшерүү, электрондук кол тамганын тууралыгын жана кол коюлган учурда анын жарактуу болгонун ырастайт. Бул кызмат ишке кирсе КМШнын алкагында жүк ташыгандардын документтик иштерине оң таасирин тийгизет.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X